Президент мамлекеттик кызматкерлерди кыргыз тилин жетиштүү деңгээлде билүүгө милдеттендирүүчү мыйзамга кол койду

Президент Алмазбек Атамбаев "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" КРнын мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Документ парламент тарабынан 2015-жылдын 11-февралында кабыл алынган. Мыйзам менен "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" мыйзамдын 17-беренеси жаңы квалификациялык талап менен толукталды. Бул талап мамлекеттик кызматкерди кыргыз тилин жетиштүү деңгээлде билүүгө милдеттендирет. Мамлекеттик кызматкерлердин кыргыз тилди билүү деңгээлин ушул мыйзамдын нормалары аныктайт.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан