Мыйзамдын максаты - радиостанция жаатындагы эрежелер, инструкция, нормалардын бузулушуна, товарлардын санитардык нормаларына, азык-түлүктөрдү даярдоочу, сатуучу жактардын медициналык маалыматы, документине байланыштуу жоопкерчиликти күчөтүү.
Мыйзам республикада тамак-аштан уулануу, инфекциялык оорулар көбөйүп жаткандыктан, мындай терс көрүнүштөр сапатсыз азык-түлүк жана ичүүчү сууну пайдаланууда санитардык-гигиеналык талаптардын аткарылышын күчөтүү максатында иштелип чыккан. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.