Конституциялык мыйзамдардын бири "коменданттык саат" деген түшүнүк менен толукталат. Демилгечи депутат Исмаил Исаковдун айтымында, мыйзам долбоору мамлекеттик жана расмий тилдердеги мыйзамдын тексттериндеги карама-каршылыктарды жоюу максатында демилгеленүүдө. "Колдонуудагы расмий тилдеги "Өзгөчө абал жөнүндө" конституциялык мыйзамдын 1-беренеси ушул мыйзамдын 26-беренесинде тагыраак белгиленген жана башка ченемдеринде колдонулуучу "коменданттык саат" деген түшүнүктү камтыйт. Коменданттык саат - өзгөчө абал учурунда киргизилүүчү негизги өзгөчө чаралардын бири.
Ошол эле учурда мамлекеттик тилдеги конституциялык мыйзамдын 1-беренесинде аталган түшүнүк камтылбай калган. Ошондуктан киргизилип жаткан мыйзам долбоору менен ушул беренени "коменданттык саат" деген мамлекеттик тилдеги түшүнүк менен толуктоону сунуштап жатабыз",- деди Исаков.
Долбоорго ылайык, мамлекеттик тилдеги конституциялык мыйзамдын 1-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталмакчы:
"Коменданттык саат – инсандыгын ырастоочу атайын берилген өткөрмөлөрсүз жана документтерсиз көчөлөрдө жана башка коомдук жайларда же болбосо өз турак жайынан тышкары жерде болууга тыюу салуу белгиленген сутка ичиндеги убакыт".