Бишкек-Торугарт унаа жолунда айдоочу эки жөө жүрүүчүнү сүзүп кетти

Бишкек-Торугарт унаа жолунда айдоочу эки жөө адамды сүзүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Бишкек-Торугарт унаа жолунун 22-чакырымында болгон. Анда 21 жаштагы Фольксваген үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу эки жөө жүрүүчүнү сүзүп кеткен. Натыйжада эки жаран ар түрдүү жаракаттарды алып, аймактык ооруканага жеткирилген. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан