Экинчиден, Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн жетекчиси делген Кадыр Токтомушев спикердин жакын тууганы эмес жана ал айыл өкмөттү жетектебейт. Ушундай эле жалган маалыматтар Жумабай Шөкөев жана Урмат Асанбековдорун ысымына байланыштуу таратылган. Кара-Кулжа райондук билим берүү мекемесинин башкы эсепчиси Майрам Жээнбекова да спикердин бир тууганы эмес. Төраганын бир тууган иниси Жыргал Жээнбеков Кара-Кулжа районунун токой чарбасынын башчылыгынан кеткенине үч жылдан ашты",- дейт басма сөз катчы.
Асан Боронбаев аттуу адамдын Кара-Кулжа райондук коругунда эмгектенгенине 40 жылдан ашканы, жетекчилик кызматка А.Жээнбеков төрага болгондон 20 жыл мурун келгени кошумчаланды.
"Жалган маалымат тараткандар мыйзамдан коркпосо да, Кудайдан корксо туура болмок",- дейт Керимбаев.