Бишкек шаарында катталган жол кырсыгынан Кытайдын жараны каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 14-март күнү эртең мененки саат 09:00 чамасында болгон. Анда Тойота Авенсис үлгүсүндөгү унаанын 28 жаштагы айдоочусу Кытайдын 45 жаштагы жаранын сүзүп кеткен. Оор жаракаттардан улам ал окуя болгон жерден каза болгон. Алдын ала маалыматтарга ылайык, каза тапкан жаран Бишкекке 2-3 күнгө гана келген, ал эми кечээ, 15-мартта кайра Кытайга учуп кетмек.