Орусиянын президенти Владимир Путиндин Түндүк флоттун аскердик жоо камын, согуштук даярдыгын текшерүү боюнча буйрук бергенин 16-мартта коргоо министри Сергей Шойгуга шилтеме берүү менен орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Ошондой эле күтүүсүз жерден Батыш аскердик бөлүктөрүн жана Аба-десанттык аскер бөлүктөрүн текшерүүдөн өткөрүү башталган. Сергей Шойгунун айтымында, аскердик даярдыкты текшерүүнүн алкагында 38 миң аскер кызматкери, 3360 аскердик техника, 41 кеме, 15 суу астында жүрүүчү кеме, 110 учак жана тик учактар кароодон өтөт.