Кафелерге күтүүсүз текшерүүлөрдү уюштурууга уруксат берүү демилгеленүүдө

Өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал курчуганда же санитардык коркунучтар жаралганда коомдук тамактануучу жайлар күтүүсүз текшерүүгө алынып башташы мүмкүн. Тийиштүү мыйзам долбоорун бүгүн, 16-мартта парламенттин Коргоо жана коопсуздук комитетинин жыйынында депутат Дастан Бекешев демилгеледи.
Анын айтымында, тамактануучу жайлардын ашканасына текшерүү жүргүзүү үчүн уруксат алууга 10 күндөй убакыт керек. "Текшерүүчү түзүм башында Экономика министрлигине кайрылышы керек, андан соң текшерилүүчү мекемеге алдын ала билдириши зарыл. Албетте, кафелердин ээлери бардык санитардык эреже бузууларды жок кылууга үлгүрүшөт. Жакында эшек эттери маселеси көтөрүлгөндө Экологиялык-техникалык коопсуздук боюнча инспекция рейд өткөрүш үчүн уруксат алууга 10 күн күткөн",- деди депутат.
Талкуунун жыйынтыгында комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырышты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан