Президент
Алмазбек Атамбаев "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 28-январында кабыл алынган. Бул тууралуу 16-мартта президенттин аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү маалымдады.
Мыйзамга ылайык, кыргыз жарандары уюлдук оператор алмаштырууда телефон номурун өзгөрүүсүз калтыра алышат. Мыйзам жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.