Өткөн аптада Жалал-Абад облустук сотунун судьяларынын жыйыны болду. Анын жүрүшүндө Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы болуп Шаршенбек Камбаров, Жалал-Абад облустук сотунун төрагасынын жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча орун басары болуп Шералы Жакыпбаев шайланды. Бул тууралуу 16-мартта Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Эскерте кетсек, Жалал-Абад облустук сотунун мурунку төрагасы К.Жапакбаев ден соолугуна байланыштуу Жалал-Абад облустук сотунун төрагасынын кызматынан бошотуу тууралуу арыз жазган.