Акыркы суткада 10 өрт кырсыгы катталып, Беловодск айылында турак жай жана курулуш чарбасынын чатыры күйүп кетти

Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, өткөн суткада республиканын аймагында 10 өрт кырсыгы катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 10 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. 

Москва районуна караштуу Беловодск айылында турак жайдан өрт кырсыгы катталды. Анын кесепетинен 80 чарчы метр турак үйдүн жыгач устундуу, шифер жабылган чатыры жана 60 чарчы метр курулуш чарбасы күйүп кетти. Ошондой эле Өзгөн районуна караштуу Кароол айыл аймагында 25 чарчы метр сарайдын жыгач устундуу, шифер менен жабылган чатыры, 500 түк чөп күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан