Орусия президенти Владимир Путин өзүнүн ден соолугу жайында экенин билдирди. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта орусиялык маалымат булактары жарыялашты. Президент "ушаксыз жашоо кызыксыз болуп кетет го..." деп билдирди. Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков журналисттерге: "Сасык тумоо менен ооруган президентти көрдүңөрбү? Ушактарга ишенүүнүн кереги бар беле?"- деди. Айта кетсек, Санкт-Петербург шаарында Владимир Путин менен кыргыз мамлекетинин президенти Алмазбек Атамбаевдин жолугушуусу өтүүдө.