Казакстандагы "уйкудагы" айылдын окуучусу үй-бүлөсүн башка жакка көчүрүүнү суранды

Казакстандын Акмола облусуна караштуу Калачи же "уйкудагы" айылдын окуучусу үй-бүлөсүн Костанай облусуна көчүрүүнү суранып, аталган облустун акимине кат жолдоду. Бул тууралуу 12-мартта казакстандык басылмалар жазып чыгышты. 
Маалыматка караганда, Айгерим Исмаилова аттуу кыз Костанайдагы жогорку окуу жайынан билим алгысы келгенин жана бул үчүн "уйкудагы" айылдан анын үй-бүлөсүн көчүрүп кетүүнү өтүнгөн.
Облус башчысы Нуралы Садуакасов: "Маалымат булактарынан Калачи айылындагы табышмактуу дарт тууралуу окуп билебиз. Ушул жылдын май айында аталган айылдын жашоочуларын башка аймакка көчүрүү толугу менен аяктайт. Азыркы тапта айыл тургундарын батирлерге көчүрүү иши жүрүүдө. Тилекке каршы, биздин облустун бюджетинде Казакстандын ички мигранттарын көчүрүү каралган эмес. Силердин үй-бүлөнүн биздин облуска көчүп келишинин башка жолдорун карап көрүү керек",- деп билдирген. 
Үстүбүздөгү жылдын январь айынын орто ченинде Калачи айылында тургундардын нормадан ашык уктаганы белгилүү болгон. Жергиликтүү оорукананын дарыгери адамдардын 2 суткага чейин уктап, алсырап калышканын айткан. Дарыгерлер бейтаптардын мээсин, мээсиндеги кан айланууну текшеришкен. Азырынча бул оору же оору эмес деген так билдирүү жок. 
Мындай окуя 2014-жылдын жаз айларында да катталып, окуучулардын мектепте отуруп уктап калышканы айтылган. Калачи айылынын тургундары жашоосуна кооптонуп, балдарын мектепке жөнөтпөгөн учурлар да кездешкен. Жергиликтүү тургундар бул көрүнүштү Красногорск айылында Советтер Союзунун учурунда казылган уранга байланыштырышкан. Бирок расмий өкүлдөр аталган Красногорск айылынан "уктап калуу" дартына кабылгандар кайрылбаганын билдиришкен. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
zhykyo
2015-03-16 20:18:26
Инопланетяниндер келип кеткен го
0
Ern
2015-03-16 20:46:16
Кудай сактай көөр!
0
bom.bon
2015-03-17 00:51:39
Уйкудагы айыл эмес уйкусуз айыл деп озгортуп койсо болду? Эшекти суйлосо кулагы корунот дегендей-уйку десе уктай беретда *¿-
0
Sagy
2015-03-17 02:19:22
Путин кунолуу))
-2
CaPyyMyH
2015-03-17 05:32:05
Sagy, же Бакиев куноолу
-2
begai93
2015-03-17 02:29:02
Интересныйго бул дагы бир оорунун белгиси болсо керек.тынчылык эле болсун да иши кылып!
0
temirov76
2015-03-17 08:36:27
Уран казылган эле деп атпайбы,кайдагы создорду айтып чамалай бербегилечи кулкуну келтирип.
0
milan_92
2015-03-17 13:37:38
Sagy.
Putindin kandai tiewesi bar bul jerge?biraz oilonup jazsan
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан