Кыргыз жериндеги ири ун комбинаттары жогорку жана 1-сорттогу унду байытууга милдеттендирилди

Президент Алмазбек Атамбаев "Нан унун байытуу жөнүндө" КРнын мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 5-февралында кабыл алынган. Мыйзам долбоорунун максаты - калктын байытылган унга жетишин кеңейтүү жана байытылган унду өндүрүүгө, өлкөгө алып келүүгө жана сатып өткөрүлүшүнө көзөмөлдү күчөтүү. Мындай талаптар сакталбаган учурларда административдик жоопкерчиликке тартуу чаралары киргизилди. Жогорку жана 1-сорттогу ундарды сөзсүз түрдө премикс каражаты менен байытууга ири ун комбинаттары милдеттендирилди. 
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан