Быйылкы ажылык сапарга бара тургандарды ташуу үчүн тендерге эки гана авиакомпания катышууда

Быйылкы ажылык сапарга бара тургандарды ташуу үчүн эки авиакомпаниянын ортосунда тендер 19-мартта өткөрүлөт. Алардын бири кыргыз өлкөсүнө, экинчиси Сауд Арабияга таандык авиакомпания. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта SUPER.KG порталына муфтийдин орун басары Замир ажы Ракиев билдирди. 

"Тендердик сынак жөнүндөгү маалымат 1,5 ай мурун жарыяланган. Бүгүнкү күндө ага катышууга 2 авиакомпания гана тиешелүү документтерин толугу менен тапшырды. Азырынча быйылкы ажылык сапарга болгон жол кире канча болорун айта албайм, ал тендердин жыйынтыгы менен белгилүү болот. Быйыл өлкө аймагынан ажылык сапарга 3685 адамдын барары пландалууда",- деди Замир ажы Ракиев. 

Айта кетсек, өткөн жылы ажыга баруунун баасы 2400 долларды түзгөн. Ал эми быйылкы ажылык сапарга баруучу жолдомолор кымбаттаарын маалымат жыйынында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын бөлүм башчысы Бакыт Осмонов билдирген болчу.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
aybekerlan
2015-03-17 17:53:38
Кымбаттатбай эле койсо жакшы болмок. Шарты жакшы болсун дегендер өзүнчө топторго бөлүнүп кымбат мейманканада калсын, мурункудай эле арзанын каалагандар арзан мейманканада калса болмок.
Жогоруда отуруп алып тигиндей- мындай деп чечип койосуңар,элди ойлобойсуңарбы
0
aybekerlan
2015-03-17 17:55:42
Ажылыкка колунда бар бай адам барат,бай болгондон кийин чыдаса барсын дегенинерби же башка жакшы ойуңар бар беле билбейм. Жакшылап ачык айкын айтып койгула кайсы жерге канча акча коротулат.
0
aybekerlan
2015-03-17 18:02:06
3 685 адамдын 1 000-1 500 адамы бай болушу мүмкүн, калгандары машинам болбосо да мейли,ичпесем-кийбесем мейли деп чогулткан акчасына барат. Муфтият менен Дин комиссиясы бай ажыларды көрүп калып элдин баарын андай ойлобоо керек.Балким айткандыр мейли кымбат болсун бирок башка өлкөлөрдөн баргандардын арасында уят болбой шарттарды жакшырталы деп. Кымбат мейманкана-кымбат учак-кымбат тамак-аш менен ажылык жакшырып кетпейт. Өзбекстан,Кытай жарандарын кыргыз квотасы менен жөнөткөндү токтотуу керек
0
aybekerlan
2015-03-17 18:07:18
Кыргыз жарандарынан 2-3 жолу эмес 10-11 жолу кетип бара жаткандарды токтотуу керек. Бир нерсени айтсаң бийликтеги-сасык саясатчылар факт менен сүйлө десе молдоке-ажыкелер көрбөй туруп жалаа жаппа дейт,ажылыкка жөнөткөн силерсиңер,анан жаман иштер болуп жатса айтабыз да. 1-жолу барууну каалап акчасын алып барса орун жок үстүнө дагы акча берсең жиберем дейт (муфтияттан 500-1500 долларга чейин сурагандар бар).
0
aybekerlan
2015-03-17 18:11:41
10-11 жолу баргандар бал алып барып сатат, келе жатып ал жактан товар алып келет.Муфтият билет да мурун кимдер барганын,ошолорду жакын жолотпоо керек.Дин адамдары ушундай ишти кылгандан кийин,аларды ээрчигендер да ошол ишке барат.
Өзүң жасабаган амалды ,башкага үйрөтпө-айтпа-насаат кылба деген сөздөрдү айтасыңар бизге урматтуу ажыкелер, ошол сөздү өзүнөр да эстеп ошого амал кылгыла. Иншаллах мурдагыдай эле баада уюштурарсыңар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан