Ибрагим Жунусов Эскишехир провинциясынын губернатору менен жолугушуп, аймактык деңгээлдеги мамилени жандантуу керектигин айтты

Кыргыз мамлекетинин Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов 16-мартта Эскишехир провинциясынын губернатору Гюнгор Азим Туна менен жолугушту. ТИМдин басма сөз кызматына таянсак, тараптар маданият, билим берүү жана илим тармагындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана бекемдөө тууралуу сүйлөшүштү. 
Жунусов кыргыз-түрк кызматташтыгын аймактык деңгээлде да өнүктүрүү маанилүү экенин белгилеп, Ош шаарынын делегациясынын Эскишехирге иш сапары менен келиши аймактык байланышты жандантарын айтты. Элчи Эскишехирдин мэри, "Осман Гази" жана "Анадолу" университеттеринин ректорлору, анда окуган Кыргыз Республикасынын студенттери менен жолугушуу өткөргөнү айтылды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан