Президенттикке талапкер болчуларга кыргыз тили боюнча талапты күчөтүү сунушталууда

Бүгүн, 17-мартта парламенттин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин жыйынында президенттикке талапкерлерди кыргыз тилинде мыкты сүйлөөгө, жазууга жана окууга милдеттендирүү талаптарын коюу демилгеси сунушталды.
Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти Абдылдажан Акматалиевдин айтымында, Шайлоо кодексине тийиштүү өзгөртүү киргизүү керек. "Азыркы мыйзамга ылайык, президенттикке талапкер аталган үч талаптын экөөсүн жетиштүү билсе сынактан өтөт. Шайлоолордо талапкерлердин көбү кыргыз тилинде жаза албаганы белгилүү болот. Бир бет кагаздан 20 ката табылат. Жогорку бийликтеги адам мамлекеттик тилди мыкты билиши зарыл",- деди Акматалиев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан