"Бийликти бизге бергиле!" дешти курултайга келген "апрелчилер"

"Жаштарга жол берилсин. Азыр парламентте отурган 120 депутаттын бири да 2010-жылдын 7-апрель күнү окко төшүн тоскон эмес". Мындай пикирди бүгүн, 17-мартта эскерүү курултайы учурунда Апрель баатырлары билдиришти. "Депутаттар элдин эсебинен жашап, ар кандай жеке кызыкчылыгын көздөгөн партияларды түзүшүүдө. Революциячыл биздин баатырлар аларга караганда көп нерсе жасашты. Бийликке биздин жаштар барышсын" дешти катышуучулар. Резолюция кабыл алынып, андагы талаптар 5-апрелге чейин аткарылышы керектигин билдиришти.
Эскерүү иш-чарасы 2002-жылдын Аксы жана 2010-жылдын Апрель окуяларында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун жаркын элесине арналып тургузулган монументке гүл коюу менен аяктады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан