"Балам кыргыз тилин аскерден үйрөнүп келди" дейт депутат Акназарова
Бүгүн, 17-мартта парламенттин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин жыйынында депутат Роза Акназарова өзүнүн уулунун тажрыйбасын мисал келтирип, аскерде кыргыз тилин жакшы үйрөтөрүн билдирди. "Менин уулум кыргыз тилин жакшы билчү эмес. Мектепте кыргыз тилин окутса да, эч кандай жыйынтык болгон жок. Ал эми аскерге барып келгенден кийин эне тилинде мыкты сүйлөп калды. "Мамлекеттик тил өнүкпөй жатат" деп өкмөттү улам-улам сындоо туура эмес. Бул багытта тил үйрөтүүчү механизмдерди иштеп чыгуу керек",- деди депутат.