Израилде Ирандын ракеталык соккуларынан каза болгондордун саны өстү

Үч күндүн ичинде Ирандын Израилге ракеталык чабуулунан 24 адам каза болуп, 592 киши жаракат алды. Бул тууралуу өлкөнүн өкмөтү билдирди.

Жаракат алгандардын ичинен 10 адамдын абалы оор, 36сынын абалы орточо, 546сы жеңил.

Израилде Ирандын ракеталары түшкөн жалпы 30 жер катталган. Үч күндүн ичинде Ирандан атылган снаряддардын саны болжол менен 370 экени айтылды.

Буга чейин 3 адам каза болуп, 48 киши жаракат алганы айтылган.

Ал эми Израилдин Иранга жасаган аба соккуларынын курмандыктары 224 адамга жетип, 1277 адам жаракат алды.

Эске салсак, Израил 13-июнга караган түнү Ирандын өзөктүк жана аскердик объекттерине сокку урган. Чабуулдар өзөктүк куралдарды иштеп чыгууга байланыштуу объекттерге жана жогорку даражадагы аскер кызматкерлери жайгашкан жерлерге багытталган. Ошол эле күнү кечинде Иран жооп кылып Израилге ракеталык соккуларды жасаган.

Тегеран Израилдин аскердик инфратүзүмүнө, анын ичинде аба базаларына жана башка стратегиялык объекттерге ири соккулар болот деп убада берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан