2009-жылдын 31-июлуна чейин сугат жерлерине курулган үйлөрдү мыйзамдаштыруу демилгесин "Ата Журт" фракциясы колдоду

Бүгүн, 17-мартта парламенттеги "Ата Журт" фракциясы сугат жерлерине мыйзамсыз курулган үйлөрдү мыйзамдаштыруу боюнча мыйзам долбоорун жактырды. Долбоорго ылайык, 1983-жылдан 2009-жылдын 31-июлуна чейинки мезгилде республиканын сугат-айдоо жерлеринде курулган 38 194 үй мыйзамдаштырылмакчы. Демилгечи депутат Эсенгул Исаковдун айтымында, бул үйлөрдө жалпы 41 739 үй-бүлө жашайт. "1983-жылдан 2009-жылга чейинки мезгилде республиканын 32 районунун 217 айыл өкмөтүндө 13 478 гектар аянтка, анын ичинде 11 784 гектар сугат жерине өз билемдик менен турак үйлөр курулган",- деди депутат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан