"Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүк бузулуп, "Ата Журт" фракциясы жаңы коалицияга кирсе гана фракция лидерлигинен өз каалоом менен кетем, ансыз кетпейм",- деп билдирди журналисттерге бүгүн, 17-мартта
Жылдыз Жолдошова.
"Мени лидерликтен алуу боюнча фракциянын чечими мыйзамсыз, 8 депутат ага кол коюудан баш тартты. Негизи, фракция мүчөлөрүнүн үчтөн экиси макулдук бериши керек эле. Андыктан фракция лидери катары ишимди уланта берем. Экинчиден, Ташиев мага фракциянын чечими легитимдүү экенин айтып кат жазыптыр. Таң калдым, анткени азыр "Ата Журт" деген партия жок, башка партия менен биригип кеткен. Анан да, Конституцияга ылайык, партия парламенттеги фракцияга басым көрсөтө албайт, анткени экөө эки башка орган",- дейт Жолдошова.
Эскерте кетсек, 11-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кантемир Мурзабеков "Ата Журт" фракциясынын депутаттары Ж.Жолдошованы лидерликтен кетиргендигин жарыялаган. Жаңы лидер шайланганга чейин фракция лидеринин милдетин аткаруу депутат Дастан Жумабековго жүктөлгөнү айтылган.