Парламенттин Билим
берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин 17-марттагы жыйынында тил маселеси каралды. Белгилүү
академик Абдылдажан Акматалиев кыргыз тилин колдонууну кеңейтүүнү борбор шаардан баштоону сунуштады. Жогорку окуу жайларда мамлекеттик
тил боюнча кафедраларда окутуу программасы эскирип бүткөнүн белгилеп: "Баягы эле синтаксис, баягы эле фонетика, баягы эле үндүү-үнсүз болуп келе
жатат. Эмдигиче мамлекеттик тилди ЖОЖдордо окутуунун программасы
дыкат иштелип чыга элек”,- деп билдирди Акматалиев.
Окумуштуу котормо боюнча бир систем жоктугун кошумчалады.
“Кыргыз Республикасынын Президентинин, Жогорку Кеңештин жана өкмөттүн
ортосунда борборлоштурулган бир эле котормо-лингвистикалык бөлүм болушу керек.
Ошондо иш жыйынтыктуу болот”,- дейт адис.