Баткен, Ош жана Талас облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 17-майда өтөт

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Баткен, Ош жана Талас облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу 17-мартта президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу жаңы жетекчилерди шайлоо 2015-жылдын 17-майында өтөт.  

Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек, Ак-Сай, Ак-Татыр айылдык кеңештери, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылдык кеңеши, Алай районунун Коңур-Дөбө, Кабылан-Көл айылдык кеңештери, Ноокат районунун Исанов, Көк-Бел айылдык кеңештери, Кара-Суу районунун Сары-Колот, Отуз-Адыр айылдык кеңештери, Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер, Бейшеке, Бакыян айылдык кеңештеринде депутаттарды шайлоо болот. 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жогоруда аталган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруу милдети тапшырылды. 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- шайлоону өткөрүү үчүн зарыл каржылык чыгымдарды Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдар сметасына ылайык бөлүүгө;

- шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо боюнча чараларды көрүүгө тийиш. 

Баткен облусунун Баткен районунун, Ош облусунун Кара-Кулжа, Алай, Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Талас облусунун Кара-Буура районунун мамлекеттик администрацияларынын башчыларына шайлоолорго даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоочулардын тизмесин калыптандырууда, тактоодо жана түзүүдө жана уюштуруу жана материалдык-техникалык маселелерди чечүүдө тийиштүү шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү милдети тапшырылды. 

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары жогоруда аталган кеңештердин карамагына таандык документтердин, материалдардын, ошондой эле материалдык-техникалык баалуулуктардын сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө тийиш. Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан