Нооруз майрамында Биринчи Май районунда элдик жүрүштөр, концерт, улуттук тамак-аштарды даярдоо, улуттук жана спорттук оюндардын түрлөрү көрсөтүлөт. Райондун мектептеринде дил баяндар жана сүрөт тартуу боюнча сынактар уюштурулат.
Көлмө жана Алтын-Бешик конуштарында тургундар арасында кичи футбол, волейбол жана баскетбол боюнча мелдештер өткөрүлсө, Ак-Босого, Калыс-Ордо жана Мурас-Ордо конуштарында спорттук иш-чаралар жана майрамдык концерт тартууланат.
Панфилов атындагы сейил бакта аттракциондор ачылып, райондун Балдар чыгармачылык борбору тарабынан концерт уюштурулат.