Социалдык өнүктүрүү министрлиги март айындагы жөлөк пулдар үчүн 370 миллион сомдон ашык акча которду. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарынын жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын марттагы жөлөк пулунун суммасы 372 миллион 946,5 миң сомду түздү. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулга 8 миллион 148,5 миң сом бөлүнөт.
Март айындагы жөлөк пулдар үчүн бөлүнгөн акчанын жалпы суммасы 494 миллион 032,9 сом.