Бишкекте 16-мартта Тышкы иштер министрлиги, Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги жана Мамлекеттик каттоо кызматынын тийиштүү органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өттү. Анда кыргыз мамлекетинде иштөөгө уруксаты бар чет өлкөлүк жарандарды жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн өлкөдө каттоо маселеси талкууланды. "Эмгектенген бардык мигранттардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарын коргоо жөнүндө" эл аралык конвенциянын таасири тийчү чет элдик жарандардын маселеси каралды.
Жыйында Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги кыргыз мамлекетинде ишке орношууга уруксаты бар чет элдик жарандардын же алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн өздүгүн аныктай турган орган эмес экендиги айтылды. Буга байланыштуу аталган министрлик жогоруда белгиленген категориядагы жарандарга маалым кат берүүнү токтото турганы айтылды. Буга чейин маалым кат жумуш берүүчүнүн арызынын негизинде акысыз берилип келгенин билдирет министрликтин басма сөз кызматы.