Галина Скрипкина депутаттардын "Курал жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгесине каршы чыкты

Бүгүн, 18-мартта парламентте мектеп, оорукана, тамактануучу жайлардын жана башка социалдык мекемелердин аймагында курал сатууга тыюу салууга багытталган мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралды.
Талкууда депутат Галина Скрипкина Экономика министрлигинин анализинин жыйынтыгы чыкмайынча аталган долбоорго добуш бербөөгө чакырды. "Эгер бул жыйынтык чыга электе добуш берилсе, биз Конституциянын нормаларын бузган болобуз. Парламентти мыйзам бузууга түртпөгүлө",- дейт депутат.
Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан