Нооруз майрамына байланыштуу көп улуттук наам түзүлүүдө

Кыргыз мамлекетинин Ирандагы элчиси Асанбек Осмоналиев 16-мартта Ирандын маданий мурас, элдик чыгармачылык жана туризм боюнча уюмунун кеңсесинде Нооруз майрамын ЮНЕСКОнун Адамзаттык материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизүү боюнча көп улуттук наамга байланышкан документке кыргыз мамлекетинин атынан кол койду. 
Кол коюу аземине Ирандын маданий мурас, элдик чыгармачылык жана туризм боюнча уюмунун башчысынын орун басары Мохаммад Хасан Талибиан жана башкалар катышты. ТИМдин басма сөз кызматына таянсак, аталган наам Ноорузду улуттук майрамы катары санаган 12 өлкөнүн атынан киргизилип жатат. Булар: Кыргыз Республикасы, Ооганстан, Азербайжан, Индия, Ирак, Иран, Казакстан, Пакистан, Тажикстан, Түркия, Түркмөнстан жана Өзбекстан. 
Осмоналиев мындай наам өлкөлөр ортосундагы маданий байланыштарды бекемдей турганын белгилеген. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан