Ошто студенттер Нооруз майрамына карата концерттик программа тартуулашты

Ош шаарындагы Бабур атындагы театрда 17-март күнү Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинин “Жаштык” аттуу вокалдык-эстрадалык ансамблинин Нооруз майрамына арналган концерттик программасы жалпы музыка сүйүүчүлөрүнө тартууланды.

Окуу жайдан кабарлашкандай, концертте жандуу музыкалык аспаптардын коштоосундагы жандуу ыр, бийлер жана күлкү тартууланды. Концерттин жүрүшүнө окуу жайдын проректору Абдыганы Абдувалиев күбө болуп, ректораттын атынан ансамблдин курамына 50 миң сом акчалай сыйлык тапшырды. Профсоюз комитетинин төрагасы А.Аккулов, искусство факультетинин деканы К.Курбанбаев куттуктоо сөздөрүн айтып, акчалай сыйлык ыйгарышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
karona
2015-03-18 17:28:22
Молодцы, студенты.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан