Кыргыз мамлекети 25 өлкө менен кош салык салуудан качуу боюнча макулдашуу түзгөн

Кыргыз мамлекети 2015-жылдын 16-мартына карата 25 республика менен кош салык салуудан качуу боюнча макулдашууга кол койду. Бул тууралуу 18-мартта Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Мунун ичинде 22 өлкө менен түзүлгөн макулдашуу күчүнө кирди. Алар: Казакстан, Орусия, Беларусь, Өзбекстан, Канада, Түркия, Индия, Украина, Тажикстан, Польша, Монголия, Швейцария, Австрия, Кытай, Иран, Молдова, Финляндия, Германия, Пакистан, Латвия, Түштүк Корея жана Литва.  
3 макулдашуу учурда мамлекеттик ички процедуралардан өтүп жатканы айтылды: Бириккен Араб Эмираттары, Сауд Арабиясы жана Катар. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан