Орусиялык белгилүү шоумен, актёр жана продюсер Сергей Светлаков ресторатор Александр Орлов менен биргеликте "Eshak" ("Ишак") аталышындагы үчүнчү чайканасын ачты. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта жергиликтүү массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, өзгөчө аталыштагы үчүнчү чайкана Подмосковьедеги Можайск унаа жолунда орун алды. Анда чыгыш, кавказ, европа жана япон ашканаларын сүйүүчүлөр даам сыза алышат. Чайкананын ачылышына бир катар белгилүү инсандар жана эл арасында аты оозго алынып калган шоумендер катышты. Буга чейин маалым болгондой, "Ишак" аталышындагы тамактануучу жайлар Киев жана Алматыда да ачылган.
Ал эми маалымат жыйынында аталган жайдын ээси төмөнкүлөрдү билдирди: "Биздин бизнес мыйзамдуу. Биз ар бир кардарыбызга өзгөчө мамиле жасайбыз. Тамак-аш жана анын баасына ак ниеттүүлүк менен мамиле жасайбыз. Ошондой эле мындай аталыштагы даам сызуучу жайларды дагы ачууну пландап жатабыз".
Орусиялык маалымат каражаттарына таянсак, Киев шаарында ачылган "Ишак" чайканасынын ачылышында Сергей Светлаков эки эшекти камкордугуна алгандыгын билдирген.