Бүгүн, 18-мартта парламент жыйынында депутат Исмаил Исаков Улуттук статистика комитетинин ишмердүүлүгүн сынга алды. Депутат аталган комитеттин төрагасы Акылбек Осмоналиевге кайрылып: "Качан туура маалымат бере баштайсыңар? Өкмөт эмне десе, ошону жазасыңар. Өлкө боюнча керектөө куржунунун минималдык өлчөмү канча? Муну так эсептеп чыккыла",- деди Исаков.
Осмоналиев комитет өкмөткө статистикалык маалыматтарды берерин билдирди. "Биздин эсептөө методикабыз дүйнөлүк стандартка жооп берет. Жогорку Кеңешке, өкмөткө жана коомчулукка маалыматтарды ылдам берүүгө аракет кылып жатабыз. Ал эми минималдык керектөө куржунунун өлчөмү 2014-жылдын 4-кварталына карата 5 миң сомдун тегерегинде",- деди Осмоналиев.