Көп жылдык талыкпас эмгеги жана коммуналдык чарбанын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн "Тазалык", "Бишкек шаардык лифти", "Бишкек суу-канал", "Жашылдандыруу", "Бишкек санитардык полигону" ишканаларынын 13 кызматкери шаардык кеңештин Ардак грамотасы менен сыйланды.
Шаардык кеңештин төрагасы Марат Аманкуловдун айтымында, шаардын муниципалдык кызматкерлери майда жумуш кылганы менен, шаардын жашоосу үчүн бул өтө маанилүү нерсе.
"Бүгүн сиздердин майрам, сиздер болбогондо Бишкектин кейпи кандай болмок... Күнү-түнү иштейсиздер, ооба, кемчиликтер бар, бирок аларсыз алдыга жылуу болбойт",- деди Аманкулов.