Бишкек мэриясы автоунаа токтотмолору үчүн акча алуу нормасын киргизүүнү сунуштоодо
Жер кодексине ылайык, кыргыз мамлекетиндеги автоунаа токтотмолоруна (парковка) акча төлөнбөшү керек. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында шаар мэри Кубанычбек Кулматов билдирди. Шаар башчысы буга чейин токтотмолордо айдоочулардан акча алуу нормасы иштегенин, бирок кийинчерээк буга тыюу салынганын эске салды. "Токтотмолордон акча алгандарды кармап, укук коргоо органдарына өткөрүп берүү керек. Жогорку Кеңешке Жер кедексине өзгөртүү киргизүү тууралуу сунуш жөнөттүк. Ага ылайык, автоунаа токтотмолоруна кайрадан акча алына баштайт. Ал эми тийиштүү мыйзам күчүнө кирмейинче ачка алуу болбойт",- дейт мэр.