Бүгүн, 18-мартта парламентте "Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү боюнча мыйзам долбоору каралды. Демилгечи депутат Айнуру Алтыбаеванын айтымында, долбоор фракциялык тартипти сактоого багытталган. "Мыйзам долбоорунун негизги максаты - депутатка фракциядан сырткары депутат же эркин депутат болууга, же фракциядан сырткары бөлөк депутаттык топко биригүүгө тыюу салуу",- деди Алтыбаева.
Парламентте мыйзам долбоорунун айрым нормалары боюнча сын-пикирлер айтылды. "Эркин депутаттар фракциялык депутаттарга караганда курч маселелерди эртерээк көтөрүшөт. Биз аларга өз пикирин айтууга мүмкүнчүлүк беришибиз керек",- дейт депутат Кочкоров. Мындан тышкары долбоор депутаттын депутаттык иликтөөнү демилгелөө укугун жок кылары айтылды.
Талкуунун жыйынтыгында долбоор экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.