Бүгүн, 18-мартта парламент жыйынында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча мыйзам долбоору экинчи окууда каралууда.
Талкууда депутат Максат Сабиров биометрикалык маалыматтарын тапшырбагандардын шайлоого катышуу укугу тууралуу суроо берди.
Суроого депутат Наталья Никитенко андай жарандар шайлоодо добуш бере албай турганын айтты. "Тиешелүү экспертизалар жүргүзүлүп, бул маселе боюнча мыйзамда эч кандай карама-каршылыктар жок экени аныкталган. Ал эми биометрикалык каттоодон өткөрүү өкмөттүн милдети. Бул милдетти аткарыш үчүн өкмөт чет өлкөдөгү Кыргыз Республикасынын жарандарына керектүү шарттарды түзүп бериши керек",- деди Никитенко.