Эшек окуясынан кийин борбор калаада 200дөн ашык кафе, тамактануучу жайлар текшерилип, алардан эшек эти табылган жок

Ак-Жол айылында үрөйдү учурган, миңдеген адамдын табитин бузган эшек этине байланыштуу окуядан кийин өлкө аймагындагы бардык такмактануучу жайлар текшерилүүдө. "Бүгүнкү күндө борбор калаада 200дөн ашуун кафе, тамактануучу жайлар, эт, колбаса азыктарын чыгаруучу жайлар текшерилди",- деди бүгүн, 18-мартта SUPER.KG порталына Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын басма сөз кызматынын жетекчиси Рахат Садырбекова. 
"Тамактануучу жайларды текшерүү иштери бүгүнкү күнгө чейин уланууда. Азыркы тапта борбор калаада текшерилген кафе, тамактануучу жайлардын саны 200дөн ашты. Бирок бир да тамактануучу жайдан эшектин эти табылган жок. Мындай текшерүү иштери өлкөнүн башка аймактарында жүрүп жатат. Менин билишиме, ал жакта да эшектин эти катталган эмес",- деди Р.Садырбекова.   

Айта кетсек, буга чейин Ак-Жол айылында эшек бизнеси менен алектенген “Кайтал” ишканасы жалпысынан 605 эшек союлуп, алардын эттери муздаткычта сакталып турганын билдирген эле. Ал эми Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы саноо иштерин 6-мартта баштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (25)
nurik2103
2015-03-18 17:36:21
Ооо бул ешек сойгондордун акчасы коп екен! Эмне учун коп екен??? Эмнеге дегенде ешек бизнесин коптон бери еле жургузуп келгенда, текшеришсе еч жака експорт кылынган емес: анда кайжака кетти??? Эгер кафеден табылса кафенин ееси да ешек сойорлор да соттолуп кетет да. булар башынан суйлошуп иш кылышкан пландарды тузуп. Буларды соттогон учурда да акталып кетишет, ошон учун соттолбой журушот.
0
kama_future_millioner
2015-03-18 17:45:23
Эшек окуСынан кийин эти табылбаганы мн бирок кыргыз элинин кадырын кыйла тушуруп салды уят болдук. Текшергиле дагы анан жанагы эшек бизнесин ачкандарга эмнеге чара колдонбойсуңар
+1
perichte
2015-03-18 17:46:03
Телевизордон корсоткон повардын айтуусу боюнча эмне жыйынтык болду? Ачык,даана корсотуп айтып берди эле го аны да "унутуп кое берелиби"...? 605 эшекти санай албай 1ай отту...ал эшектер да "уй эти "болуп калдыбы?
+2
zhykyo
2015-03-18 17:51:33
Ушул эшектин эти деп ким корсотмок эле. Калп да болсо бир жерди кармап койсо болмок кичине ухх дейт элек
0
alas
2015-03-18 22:21:25
zhykyo, ооздоруна батышынча акчаны тыгып атышса аларга акча болсо болдуда
0
Bakulya79
2015-03-18 19:00:29
Аны айтасынар чучук жасап 250 дон откоруп жургондор да болгон экен.мынча арзан дешип элдер 5-6дан алгандарда болгон экен.алар эми туштон кийин эшектин эти ачыкка чыккандан кийин эстешип,тобоо деп отургандар андан коп..........
0
danyshman
2015-03-18 20:06:47
Гонконг эшек этин заказ кылбаптыр деп жатышат,анда кайда кетти эшек эттери жана кайда даярдалып жаткан ушуга жооп бергилечи устудоку чондор?
0
alailyk-kyz
2015-03-18 20:18:52
болду туугандар бул иш буга чейин да болуп келген эми да боло берет эч ким токтото албайт.анткени колдоочулары кучтуу да.
0
kaniet
2015-03-18 20:21:11
Конечно, эшек окуясынан "кийин" табылчы беле!!
0
chynara77
2015-03-18 20:25:35
Тайдын эти деп этин,чучугун биздин ишканага да сатышкан экен,эми билинип атат,булар да акчасын жеп алышкан да эми ачыка чыгарышпайт
0
iaau
2015-03-18 20:33:21
КТРКнын журналисттерине эксклюзивдуу интервью Берген шеф повар айтып берди эле го "мен эшектин этинен тамак жасагам " деп ошол повардан сураса эле баары ачыка чыгат. окунучтуу акча роль ойноп жатат да айла жок эшектин этин жеп эч нерсе кылалбай кала берет экенбиз да. депутаттарды чын дилден шайлаган эмеспиз да сатып жибергенбиз
0
AnarRazakovich
2015-03-18 21:47:25
Эшек союлган жерде иштеген кызматкерлердин, ар-биринен озунчо сурак кылса эле баары такталмак. Кеминде 10-15 адам иштеген, созсуз билишет. Коррупциянын дагы деле тамырлап, гулдоп жатканынын белгиси. Арам акчадан болушушуп, унчукпай отуруп калышты да, чон соройлорубуз..((
0
Shamdagai2013
2015-03-18 22:10:21
Ошол эшек союлган жердин жашшоочулары деле айтты го,ичегилерин кошуналарга сатышчу экен акмактар! Такырбашовту ХХХ ХХХ, бут кыргыз элин алдап арам тамак жедирген. Тоок уурдагандарды кармабай, ошого окшогон акмактарды камашпайбы? Баардыгын ошол депутаттар жасаган жумуш да,эч кимиси эч нерсе дебей эле ичин сылап жатышат
0
admin_portal
2015-03-19 10:15:28
Shamdagai2013 - эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
0
Nursultan.m.n
2015-03-19 10:24:56
эшектердин ети муздаткычта кийинчереек сатылат еми
+1
baba.
2015-03-19 16:52:46
Кызык эшек эти экспорттолгон эмес болсо кафе ресторандарда жок болсо кайда кетти 605 эшектин эти.Эхх кыргызым кыргызым бирин бири алдамай.Эл ишенбейт баарыбир.
0
ussr7
2015-03-19 19:51:28
Кафелердин ээлери , поварлар да бизге окшогон эле адамдар. Алар деле эшек этинен жийиркенишет болуш керек.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан