Сузакта айыл өкмөтүнүн кызматкерлери “кызмат абалынан пайдаланган” деп шектелишүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2014-жылы Сузак райондук мамлекеттик жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын жана Таш-Булак айылдык округунун жооптуу кызматкерлери бир канча менчик укугу тууралуу мамлекеттик актыны мыйзамсыз жасап беришкен. Учурда бул боюнча “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.