Токтогулда 200 миң сомдон ашык акча каражатын өз кызыкчылыгына пайдаланган факты боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2014-жылы январь айынан декабрь айына чейинки аралыкта Токтогул райондук ветеринардык жана фитосанитардык башкармалыгынын мурдагы башчысы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, 215 миң сом акча каражатын өз кызыкчылыгына иштетип жок кылып жиберген. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.