Шайлоого жакын паспортун жоготуп алгандарга өкмөт 10 күндүн ичинде паспорт даярдап берет

Алдыдагы парламенттик шайлоого жакын паспортун жоготуп алган жарандарга өкмөт 10 күндүн ичинде паспорт даярдап берет. Муну парламенттин 18-марттагы жыйынында Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Алина Шаикова билдирди. Депутаттар шайлоого паспорт менен гана катыштыруу жарандардын укугун чектей турганын айтышып: "Шайлоого айдоочулук күбөлүк сыяктуу башка документтер менен да катыштырууга уруксат берүү зарыл. Шайлоого 1-2 күн калганда паспортун жоготуп алгандар болот, алардын укугун чектебейли",- деп билдиришти. 
Өкмөт өкүлдөрү азырынча паспорт менен гана шайлоого катыштыруу болорун, айтылган сунуштар келечекте колдонула турганын билдиришти. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан