Германиянын Франкфурт шаарында Европа борбордук банкынын жаңы башкы кеңсесинин ачылышына каршы чыккан демонстранттар менен полиция кагылышында жаракат алган полиция кызматкерлеринин саны 80ге жетти. Бул тууралуу шаардык полициянын өкүлү
Хессер Кошигге шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, нааразылык акциясы бүгүн, 18-мартта башталган. Анда акциянын катышуучулары тарабынан миңдеген тартип бузуулар катталып, 300дөй киши кармалган. Нааразылык акциясынын уюштуруучулары да демонстранттардын арасында жаракат алгандар көп экенин айтышууда. Полиция кызматкерлери акцияга чыккандар аларга таштарды ыргытып, бир нече машинага өрт коюшканын билдиришти.
Европа борбордук банкынын жаңы башкы кеңсесинин ачылышы банктын төрагасы Марио Драги жана башка жүздөгөн коноктордун катышуусунда өтмөк. Демонстранттар банктын саясатына каршылык билдиришүүдө. Акцияга чыккандар бюджеттерди үнөмдөө жана экономикалык реформалар аркылуу фискалдык эрежелерди сактоону камсыздаган үчилтик (Эл аралык валюта фонду, Европа комиссиясы менен катар Европанын борбордук банкы) экономикалык өсүштүн токтошуна жана жумушсуздардын көбөйүшүнө алып келет деген пикирде.