"Алмазбек Атамбаевдин Кореяга жасаган иш сапары ортодогу мамилени жандантты" деди Сарпашев

Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев бүгүн, 18-мартта Кореянын Стратегия жана каржы министрлигинин Эл аралык экономикалык иштер боюнча бюросунун башчысы Чжин Сынг Хону кабыл алды.

Тараптар кыргыз мамлекетиндеги социалдык жана инфраструктуралык долбоорлордун ишке ашырылышын талкуулады.

Сарпашев президент Алмазбек Атамбаевдин 2013-жылдын ноябрь айында Кореяга жасаган расмий сапары эки тараптуу кызматташууну активдештирүүгө чоң түрткү бергенин айтты. "Бишкектеги Корей эл аралык кызматташуу боюнча агенттигинин кыргыз жеринде таза шайлоо өткөрүүгө жардам көрсөтүүнү пландап жатканы үчүн ыраазычылык билдирем. Жакында өкмөттө атайын жыйын өтүп, корей тарапка бир катар келечектүү социалдык жана инфраструктуралык долбоорлор сунушталат",- деди Сарпашев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан