Жогорку Кеңеш алдыдагы шайлоолорду өткөрүү тартибин өзгөртүү демилгесин 2-окууда добуш берүүгө жөнөттү

Жогорку Кеңеш алдыдагы парламенттик жана президенттик шайлоолорду өткөрүү тартибин өзгөртүү демилгесин 2-окууда добуш берүүгө жөнөттү. Мыйзам долбоорун депутаттардын көбү колдой турганын билдиришип: "Качанкыга чейин эскиче систем менен иштеп жүрө беребиз? Алдыга жылалы, эскини унуталы. Жарандардын укугун камсыздоо үчүн ушундай жолго барышыбыз керек",- деп билдиришти. Айта кетсек, өзгөртүүлөргө ылайык, алдыдагы шайлоолор жарандардын биометрикалык маалыматтарынын базасынын негизинде өтөт. Мындан башка да өзгөртүүлөр бар: шайлоого катышчу саясий партиялардын күрөөсүн 5 миллион сомго көтөрүү (буга чейин 500 миң сом болчу). 
Мыйзам долбооруна парламенттин 19-марттагы жыйынында добуш берилет. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан