Жалал-Абад шаарында 17-апрелге чейин "Тартип" аталышындагы кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча бир айлык жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган бир айлыктын алкагында күч органдарынын кызматкерлери аймакта жашаган жарандарды жашаган жери боюнча каттоого алат. Андан сырткары аймакка келип-кеткен жарандар тууралуу да маалымат такталмакчы.
Ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, иш-чаранын негизги максаты кылмыштуулукту азайтуу жана алдын алуу болуп саналат. Айта кетсек, иш-чара 17-марттан бери жүрүүдө.