Жоомарт Оторбаев өлкөгө банкоматтарды алып киргендерди кошумча нарк салыгынан бошотуудан бюджет 100 миллион сом жоготорун айтты

Өкмөттө 18-мартта Бизнести жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча кеңештин кезектеги жыйыны өттү. Жыйынга төрагалык кылган премьер-министр Жоомарт Оторбаев кыргыз мамлекетинин экономикасына тышкы факторлордун тийгизген таасиринен улам аймактык экономиканын өсүү темпи жайлаганын, буга карата антикризистик программа иштелип чыкканын белгиледи. "Жакында бул документти бекитебиз жана ошол программанын алкагында иштеп баштайбыз",- деди өкмөт башчы. 
Оторбаев Жогорку Кеңеш өлкөгө алынып кирчү банкоматтарга карата кошумча нарк салыгын жоюу боюнча мыйзам кабыл алганын белгилеп: "Муну менен өлкө бюджети 100 миллион сом жоготконуна карабай, көмүскө экономиканы легалдаштыруу боюнча секирик жасаларына ишенебиз",- деп билдирди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан