Жогорку Кеңештин 19-марттагы жыйынында спикер Асылбек Жээнбеков "Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевди мурунку президенттер менен салыштырууну токтоткула!" деп билдирди. Төрага президенттин Молдовага иш сапары менен барганы боюнча атайын маалымат берилерин эскертти.
"Президент бир жакка барса мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн барууда. Азыр өлкө жетекчилигинде мурункудай бай-манаптык көрүнүш жок, каражатты үнөмдөөгө күндө аракет кылабыз. Мурунку бийликтин тушунда барган жеринде кой сойбой койсо, түнү менен жылкы сойдуртчу, аларды азыр Равшан Жээнбеков мактап жатат. Азыр андай жок, кой союп көрүшсүн, жооп беришет, анткени мамлекеттик тартип башкача",- деди спикер.
Айта кетсек, жыйында депутат Равшан Жээнбеков президент Алмазбек Атамбаевдин Молдовага иш сапары менен жеке учакта барышын сындаган эле.