Жалал-Абадда эки кичинекей баланы уурдап, апасынан 10 миң доллар талап кылган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 18-март күнү Сузак районунун С.С. аттуу тургуну кайрылган. Анда ал 2006, 2007-жылы туулган эки кичинекей баласын белгисиз адамдар уурдап, 10 миң доллар талап кылып жатышканын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, балдарды уурдап, акча талап кылган М. у. Б. кармалган. Учурда “адам уурдоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.