Ош облусунун Кара-Кулжа районунун тургундары аталган райондун прокурорун иштен алууну талап кылышууда. Муну спикер Асылбек Жээнбеков парламенттин 19-марттагы жыйынында эскертип, бул боюнча башкы прокурорго материалдарды жөнөткөнүн айтты. "Мен ошол райондо төрөлүп, чоңойгом. Мурунку прокурор пара менен кармалганы баарына белгилүү. Тактап айтканда, 500 килограмм күрүч өндүргөн дыйкандан пара катары 1 тонна күрүч сурашкан. Андан кийинки келген прокурорго даттануулар көп, 12 айыл өкмөттөн арыз түштү. Алар район прокурору мыйзамсыз текшерүүлөрдү жүргүзүп, акча алып жатканын айтышууда. "Бийлик чара көрбөсө, өзүбүз кетиребиз" деп жатышат",- деди Жээнбеков.
Төрага бул маалымат боюнча Башкы прокуратура ыкчам чара көрүшү керектигин айтты.