Ак-Талаа районунда дааратканасы урап калган мектеп колдонууга жарактуу

Ак-Талаа районунда дааратканасы урап калган мектеп колдонууга жарактуу. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта Мамлекеттик курулуш агенттигинин директорунун кеңешчиси Каданбай Бактыгулов билдирди.

Маалыматка караганда, мектептин даараткана, ашкана жана эки классынан башкасын колдонууга болот.

«Мектептин абалы тиешелүү нормаларга жооп берет. Азыркы учурда оңдоо иштери жүрүп жатат. Окуя болгондон кийин кээ бир ата-энелер кооптонушуп балдарын мектепке жөнөтпөй жатышкан. Бул боюнча түшүндүрүү иштери жүрдү»,- деди Бактыгулов.

Айта кетсек, 28-февраль күнү Кызыл-Белес айылындагы Атамбеков атындагы орто мектептин дааратканасынын полу түшүп кеткен. Мындан улам даараткана менен мектепти бөлүп турган дубал урап калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан